Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Россияда 20 жаштагы кыргыз кыз эжесинен акча өндүрүү үчүн жалган кылмыш ойлоп тапкан

Кылмыш
29 - Май 2017
www.erkintoo.kg
467
Москва шаарында 20 жаштагы кыргыз кыз бир тууган эжесинен акча өндүрүү максатында жалган кылмыш ойлоп тапканы белгилүү болду.
ИИМдин Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев билдиргендей, 26-майда аталган өкүлчүлүккө Миграция өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барымтага алынган кыргызстандык жаш кыз жардамга муктаж экенин билдиришкен. Окуяны териштирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, чоо-жайы аныкталды.
«2017-жылдын 22-майында Кыргызстандын жараны болгон 20 жаштагы К.К.А. аттуу кыздын бир тууган эжесине белгисиз жигиттер байланышып, кыздын барымтага алынганын айтышкан. Кыздын эжеси Чита шаарында эмгектенип жүргөн. Байланышка чыккандар 1 млн рубль суммасындагы акчаны сиңдисинин банктагы картасына которууну талап кылышкан. Эгерде айтылган акча берилбесе кызды өлтүрүп, органдарын сатып өткөрө турганын айтышкан», - деди А.Алиев.
Бул окуя боюнча ИИМдин өкүлчүлүгү ыкчам текшерүү иштери менен кечээ, 27-майда барымтада делген кызды табышкан. Бирок, окуянын чоо-жайы башкача болуп чыкты.
«20 жаштагы А. бир тууган эжесинен акча өндүрүү максатында 4 кыргыз бала аны уурдап кеткени тууралуу окуяны оюнан чыгарганы белгилүү болду. Анын жардам сураган эжеси сиңдисин өлтүрүп коюшпасын деп тиленип, көп азап тартты», - деди укук коргоочу.
Булак: Turmush
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.