Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Рэкет кыздардын иши иликтене баштады

Кылмыш
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
592
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, интернетке тараган - бир кыздын колун артына байлап, кыйнап, суракка алып жаткан кыздар тартылган тасма боюнча иликтөө башталды.  "Бул тасма тарагандан кийин эле текшерүү, иликтөө иштери башталган. Балким Кыргызстандан тараган эмеспи деп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Биздин кызматкерлер тасмадагы кыздардын өздүгүн тактоо боюнча иш алып барып жатышат. Мурда "жалган патриоттор кыздарды сабап жатат" деген маселе болсо, эми кыздар ушул жолго өткөнү өкүнүчтүү. Тасмада абдан мыкаачылыкты көрүүгө болот. Колуна бычак кармап, бирдеме ичирип жатпайбы. Эми бул боюнча иликтөө болот",-деди ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев. Жергиликтүү интернет сайттарга тараган тасмада окуя болжолу Түркияда болгондой сүрөттөлгөн. Суракка алган кыздар колу байланып, бети канжалаган кызды сексуалдык кулчулук боюнча айыпташып, кыйноого алып, оозуна белгисиз суюктук ичирип жатканын көрүүгө болот. Бул окуя качан, кайсыл жерде болгону белгисиз. Тасмадагы кыздар кыргыз тилинде сүйлөшөт. Эгер булар Кыргызстандын жарандары болсо сөзсүз жазасын алат,-дейт ИИМ.
Булак: BBC Кыргыз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.