Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Прокурордун унаасын жардырган адам кармалдЫ

Кылмыш
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
458
Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасын  жардырган деген шек менен  Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы тарабынан чогуу жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында А.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда Эркин Курманалиевди жардырган затка окшош жардыргыч зат табылган. Учурда шектүү кылган ишин мойнуна алып жатканы, кылмыш ишти тергөө маалында прокуратура кызматкерин жардырууга байланышкан бардык илинчектерди издөө аракети уланып жатканы кабарланды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.