Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Президенттике экс-талапкер мейманканада ок атты

Кылмыш
04 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
429
Россиялык белгилүү бизнесмен, “Единая Россия” партиясынын мүчөсү Умар Жабраилов наркотикке мас абалында Москвадагы Four Seasons мейманканасында ок аткандыгы үчүн кармалды. Ал 2004-2009-жылдары Россиянын Федерациялар Кеңешинде Чеченстандын сенатору, Федерациялар кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. 2000-жылы Россиянын президентин шайлоого талапкер катары катышып, эң акыркы орунду ээлеген.
Акыркы маалыматтар боюнча кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Жабраиловдун жогоруда аталган партияга мүчөлүгү убактылуу токтотулду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.