Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Питерде КР жараны метродо бир адамды поезд алдына түрттү

Кылмыш
12 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
586
Маалымат каражаттары шектүү киши Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышты, бирок укук коргоо органдары муну тастыктаган жок. Мындай маалыматты Sputnik басылмасы жарыялады. Санкт-Петербургда эркек киши бир адамды жүрүп келе жаткан поезддин алдына түртүп жиберген. Бул тууралуу Россиянын шаар боюнча тергөө комитети билдирди. Окуя 10-январь күнү эртең менен "Площадь Александра Невского" метросунун станциясында болгон. 22 жаштагы жигиттердин ортосунда чыр чыгып, натыйжада бири экинчисин түртүп жиберген. Жыгылган адам ошол эле жерден мүрт кеткен. "Фонтанка" сайтынын маалыматы боюнча түрткөн адам Кыргызстандын, ал эми каза болгон жигит Өзбекстандын жараны. Тергөө комитетинин маалымат кызматы шектүү кишинин жарандыгы иликтөө иштеринен улам айтылбай турганын белгиледи. Кырсыкка себепкер адамга карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул маалымат такталып жатканын билдирди.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.