Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

“Печатный экспресстин” жетекчиси кыздарды жумушка мыйзамсыз орноштурга

Кылмыш
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
668
Москвадагы өрт чыккан “Печатный экспресс” басмаканасынын жетекчиси Сергей Москвин ал жерде иштегендерди мыйзамсыз жумушка орноштурганын моюнга алды. Бул тууралуу  орусиялык маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза тапкан кыздар туруктуу иштеген эмес. Алар патентсиз эле жумушка алынган. Сергей Москвин өлгөндөрдүн туугандарынын бардык чыгымдарын төлөп берүүгө даяр экенин, каражат маселелерин чечүү үчүн алгач тергөөдөн качып кеткенин, үч адамга компенсация берилгенин да айтып чыкты. Басмакана ээси Сергей Москвин 5-сентябрда тергөөгө өзү келген. Ага Орусиянын Кылмыш кодексинин “өрт эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган болчу.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.