Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Оштогу таштанды челектен аял кишинин башы жок денеси табылды

Кылмыш
28 - Август 2017
www.erkintoo.kg
480
Кечээ, 27-августта саат 10:30 чамасында Ош шаарындагы таштанды салынган контейнерден аял кишинин башы жок денеси табылды. Болжол менен 40-50 жаштагы аялдын денесин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Социалдык университеттин окуу имаратынын маңдайынан табышкан.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аялдын буттарын дагы кескилөөгө аракет кылышкан. Учурда ыкчам топ оор кылмыштын бетин ачууга киришти.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.