Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Оштогу мектептин жетекчилиги 5 аттестат жасап бергени ачыкка чыкты

Кылмыш
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
521
 Ош шаарындагы С.Шарипов атындагы мектептин жетекчилиги 2014-2015-окуу жылында 5 окуучуга мыйзамсыз аттестат бергендиги аныкталгандыгын Turmush басылмасы жазып чыкты. Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.
ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин жетекчилиги башка мектептен которулуп келгендиги тууралуу жалган тактамалар менен 5 окуучуну 11-класска кабыл алып, орто билими тууралуу аттестат берген.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына берилди.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.