Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Оштогу «элита» саунанын жаш кызды соодалаган администратору кармалды

Кылмыш
19 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
683
Ош шаарындагы «элита» деп эсептелген сауна текшерилип, жаш кызды соодалаган администратор кармалды. Бул жайда сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жай уюштурулганы тууралуу маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгына түшкөн. Текшерүү учурунда алынган маалымат чын болуп чыкты.
ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган саунанын администратору ошол жерге барган кардардан сауна акысы үчүн бир саатка 500 сом, ал эми кыздын акысы үчүн 1500 сом сураган. Соодалашып жатып, акыры 1800 сомго макул болгон.
Ал администратордун чакыруусу менен келген кыз Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.А. болуп чыкты. Анын айтуусунда, ата-энеси менен тил табыша албай урушуп, үйүнѳн чыгып кеткен. Курсагын тойгузуу үчүн ушундай ишке барып жүргѳнүн айткан.
Учурда аталган саунанын 1993-жылы туулган администратору Т.У. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын үстүнѳн Ош ШИИБдин тергѳѳ бѳлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө улантылып жатат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.