Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Оштогу 7-кабаттан кулаган кыздын жигити кое берилди

Кылмыш
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
709
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Замир Сыдыковдун маалыматына караганда, кыздын жигитинен түшүнүк кат алынып кое берилген. Маалыматтарга караганда каза тапкан кыз жигитти кет деп кубалагандан кийин мейманканадан чыгып бара жатып мейманкананын кызматкерлерине кыз ичимдик ичип алгандыгын эскертип, көз салып турууну айтып кеткен. Жигиттин чыгып бара жаткандыгы видеого түшүп калган. Жигити чыгып кеткенден кийин кыз өзүн жетинчи кабаттан таштаган.
Эске салсак, бул окуя Ош шаарындагы “Ош нуру” мейманканасында  3-октябрь күнү саат 17.50дө болгон.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.