Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ошто окуучу кызга сүйүүсүн арнап, аны бычак менен кубалап жүргөн жигит кармалды

Кылмыш
12 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
433
Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө кечээ, 11-сентябрда саат 22:30 чамасында 1999-жылы туулган М.А. окуучу кызды бычак көтөрүп кубалап жүргөн жеринен кармалган.
Жабырлануучу окуучу кыздын айтымында, аны кубалаган жигит ага сүйүүсүн билдирген.
«Мен 17 жаштамын. Ал бала менен курбу кызым аркылуу 31-август күнү көчөдөн таанышкам. Ошондон бери жолуккан эмесмин. Бүгүн кокустан көчөдө жүргөн жерден жолугуп калсам, ал мени бычак менен кубалады. Ал жигит мага эртең дагы кол салышы мүмкүн. Ошондуктан жашоомо коркунуч келтирбеши үчүн жоопко тартууну суранам», - дейт окуучу кыз.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөөчүлөрү тарабынан териштирүү иштер жүргүзүлүүдө.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.