Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Ошто кукси үчүн адам өмүрү кыйылды

Кылмыш
03 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
424
Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сѳз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 30-март күнү Ош шаарындагы кѳп кабаттуу үйлѳрдүн биринин батиринде адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция киши  колдуу болуп каза болгон адамдын ѳздүгүн аныкташкан. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу, 1972-жылы туулган Бахтияр Апиев экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кѳкүрѳк тушуна бычак сайылганынан улам каза болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында  бул кылмыш ишине 3 адам шектүү деп кармалып, алардын бири каза тапкан адамды мас абалында “куксини тезирэк даярдабайсыңбы”,-дегендиги үчүн жини менен бычак менен төшкө уруп, өлтүрүп алгандыгы аныкталды. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.