Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ошто аскер кызматкерлери 25 жаштагы жигитти унаасы үчүн өлтүрүштү

Кылмыш
15 - Август 2017
www.erkintoo.kg
659
Ош шаарында унаасы менен кошо дайынсыз жоголгон Алишер Тажибаевдин киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кылмышка шектүү катары аскер кызматкерлери кармалганын билдирди.
Маалым болгондой, 11-август күнү саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин күч колдонулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Ыкчам тергөөчүлөр анын өздүгүн тактап, буга чейин изделип жаткан Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын 1992-жылы туулган жашоочусу Тажибаев Алишер Кучкарбаевич экенин аныкташкан.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, Ош ОИИБ менен Ноокат РИИБдин тажырыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

11-август күнү жабырлануучу А.Тажибаевге таандык болгон «Лексус ИС 200» үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын Свердлов районундагы булгаары заводдун жанындагы бак-дарактардын арасында эшиктери кулпуланып турган жерден табылган. Ыкчам тергөөлөр улантылып, оор кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.Р., Талас облусунун Талас районунун 1996-жылы туулган тургуну К.Т. кармалды.
Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, А.Р. 29-июлда Балыкчыдан Ош шаарына келип, аскерде бирге кызмат өтөгөн достору менен жолугушкан. Акчасы жок калганда досу К.Т. менен 3-август күнү жолугуп, унаа уурдап сатуу тууралуу макулдашышкан. 5-август күнү саат 20:30 чамасында Р.А. менен Т.К. планын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасына келип, жолдун четинде токтоп турган «Лексус ИС 200» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан Араван районунун Гулбаар айылына жеткирүүнү суранышкан. Араван районунун кире беришинен унааны токтоттуруп, айдоочуну арт жакта отурган Р.А. муунтуп, экөөлөп өлтүрүшкөн.
Анын унаасы менен Бишкек шаарына чейин жетишип, Р.А. бөлөсү — Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун 1991-жылы туулган тургуну А.У.дан унааны сатып берүүнү суранган. Бирок, бөлөсү макул болбогондуктан, унааны булгаары заводдун жанына токтотуп кетишкен.
Шектүүлөр 12-август күнү Ош шаарына келишкен. Булактар аркылуу маалым болгондой, шектүүлөрдүн бири аскердик милдетин Оштогу 47156-аскер бөлүгүндө 2016-жылдын декабрь айында өтөп бүтсө, экинчиси ушул эле бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.
Учурда оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.