Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Окуучунун өлүмүнө шектелип 8 окуучу кармалды

Кылмыш
13 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
271
Караколдо окуучунун өлүмү боюнча 8 окуучу кармалды. Мындай маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан шейшемби күнү эртең менен табылган. Анын жанында союл да болгон. Маркум 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Адам өлтүрүү фактысы боюнча баштапкы тергөө амалдары башталды. Шектүү катары сегиз окуучу кармалды. Алардын бирөө маркум окуган мектептин окуучусу. Ал 19 жашта болсо, калгандары 16, 17 жашта.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.