Курс НБ на 13.12.2019 $69,8500 €77,7815

Нью-Йорктогу жардырууга шектелген киши кармалды

Кылмыш
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
498

17-сентябрда Нью-Йоркто жана Нью-Жерсиде болгон жардыруулар үчүн шектелип жаткан 28 жаштагы Ахмад Хан Рахами кармалды деп маалымдайт Борбордук Азия жаңылыктар кызматы. Расмий маалыматка караганда, теги оогандык АКШ жараны Рахами Нью-Жерсидеги Линден шаарында полициячы менен ок атышуудан кийин жараат алып колго түшүрүлдү.

Аны тез жардам машинасы алып кеткени маалымдалууда. Нью-Йорктогу жардыруудан 29 киши жараланган.

Рахамиге 19-сентябрда издөө жарыяланып, анын сүрөтү жер жерлерге таркатылган. Тергөөчүлөр маалымдагандай, колго жасалган бомба спорт дүкөндөрүндө сатылган Таннерит деген зат менен дүрмөттөлгөн. Ошондой эле ал бомба Бостон марафону учурунда колдонулган жардыргычтарга окшош болуп чыкты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.