Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

Мурдагы айыл өкмөт мал уурулук менен алектенген

Кылмыш
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
513

Ысык-Көл облусунда “32 баш жылкы, 7 баш уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалгандыгын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына билдирген. “Бул кылмыштуу топтун башында 49 жаштагы Э.Эдилбек турган. Ал мурда Кочкор районундагы айылдардын биринде айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаты болуп жүргөн. Кылмыштуу топко өзүнүн өкүл баласын жана туугандарын тарткан. Алар жыл башынан бери Тоң районунан 32 баш жылкы, Ысык-Көл районунан 7 баш уй уурдашкан. Аларды союшуп, Бишкекте эт саткандарга дүңүнөн өткөрүп келишкен. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - дейт Сталбек Усубакунов.

Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.