Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Москва: акча үчүн токойдо мекендешин барымтага алган кыргыздар кармалды

Кылмыш
13 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
443

Москавда кыргыз жаранын барымтага алып акча талап кылган балдар кармалды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

Анын айтымында, 11-октябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине 22 жаштагы келин белгисиз адамдар жолдошун уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

"Ал белгисиз адамдар жолдошун бошотуу үчүн 250 миң рубль талап калып жатканын айткан. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып, 12-октябрда кылмышка шектүү катары 20 жана 21 жаштагы Кыргызстандын жарандарын кармады",-деп жазган Алиев.

Жабырлануучунун жубайынын көрсөтмөсүндө үч бала өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган.

"Алар жабырлануучуну күч колдонуп Solaris унаасына салып кеткен. Аны токойго алып барып уруп-согуп акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуну коркутуу жолу менен жакындарына телефон чалдырып карточкаларына 50 миң рубль котортушкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.
Булак: Спутник



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.