Курс НБ на 29.10.2020 $81,8000 €95,9514

Министрдин орун басары пара менен кармалды

Кылмыш
06 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
306
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен  кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал акча “Кошмо жол БААЭК 1 жана 2-коридорун, Эпкин-Дыйкан тилкеси (Башкууганды, (89,5 км – 159,2 км)” долбоору боюнча жол курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу боюнча тендерди оң жагына чечип берүү үчүн берилген. Министрдин орун басары тендердик комиссияда төрагалык кылгандыктан чет элдик компаниянын таламын талашмак. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга бааланган. Ал мурдараак ошол каражаттын 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандарынан алган. Акчанын калган бөлүгүн кийинки жумаларда алмак болгон. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.