Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Милициянын подполковнигин өлтүргөн жаран кызганычка алдырганын айтууда

Кылмыш
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
384
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.  Эскерте кетсек  23-мартта Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун  киши колдуу болуп  каза тапканы белгилүү болгон. Анын  өлүмүнө шектелип, 4 адам кармалган  Алардын ичинен 1972-жылы туулган Д.Ш. (үй-бүлөө башчысы) кылмышка өзү гана барганын айтып, жактоочусунун катышуусунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алууда. Анын айтымында ал бул кылмышка аялын кызгангандыктан барган.
Өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: "21-март күнү айылыбызда сүмѳлѳк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. Артынан 20 минутадан кийин барсам, экѳѳ сүйлѳшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экѳѳбүз айтыша кеттик. Анан ал "эркекче сүйлѳшѳлү" деди. Экѳѳбүз Учар тарапка, канал боюна бардык. Ал дагы намызыма тийген ачуу сѳздѳрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан, убактылуу балдак таянып жүргѳм. Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, унаасынын эшиктерин бекиттим. Анан кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, ѳзүмдүн унаамды айдап, сүмѳлѳк болуп жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнѳ кетти" деп койгонмун. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, ѳлтүргүм келген эмес эле". Ал эми Ош ШИИБси бул кылмыш дагы иликтенээрин билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.