Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Милиционерлерди жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин бири кармалды

Кылмыш
28 - Август 2017
www.erkintoo.kg
400
Бишкекте Патрулдук милициянын инспекторун тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин бири — 30 жаштагы К.Ч. кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, аны мечиттин жанынан кармашкан. Ал Казакстандын жараны. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп, казакстандык экинчи шектүү — 1989-жылы туулган С.Д. изделип жатат.
ИИМдин маалыматына караганда, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кетишкен.
Шаардын ички иштер башкармалыгы «Nissan Presage» унаасы кийики күнү Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатканын билдиришкен.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.