Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Мастык да...

Кылмыш
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
470
Жети-Өгүздө мас абалда уруша кеткенде 56 жаштагы айылдашын өлтүргөн деген шек менен жаш кыз кармалганын  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 9-апрель күнү саат 16:45тер чамасында Жети –Өгүздө болгон. Анда милицияга  белгисиз адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмыш Кызыл-Суу айылынын тургуну 1961-жылы туулган М.Д.га тиешелүү үйдө болгонун аныкташкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө  кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 26 жаштагы Б.А. аттуу кыз кармалып, тергөө абагына киргизилди,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.