Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Манчестер шаарында жардыруу болду

Кылмыш
23 - Май 2017
www.erkintoo.kg
490
Британиянын  Манчестер шаарында  жардыруу болуп  19 киши каза тапканын  50 чамалуу адам жараат алганын Британия полициясы кабарлады. Жардыруу 22-майда Манчестер шаарындагы концерттик аренада америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концерти бүткөндө болгон. Учурда себептери белгисиз. Ал эми BBCнин полицияга шилтеме кылып маалымдаганына караганда, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылган. Manchester Arena Европадагы эн чоң концерттик стадион болуп саналат. Ага 22 миң киши батат. Концерт учурунда стадиондо адамдар көп болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.