Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Мальтада панамалык офшорлор тууралуу жазган журналистти жардырып жиберишти

Кылмыш
17 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
447
Британиялык The Guardian гезитинин кечээ, 16-октябрдагы маалыматына караганда, панамалык офшорлор тууралуу жазып жүргөн мальтилик 56 жаштагы журналист айым Дафне Каруана Галицияны өз үйүнүн жанында жардырып жиберишти. 15 күн мурда эле Каруана Галиция белгисиз адамдар өлтүрөбүз деп коркутуп жаткандыгын айтып полицияга кайрылган.
Кошумчаласак, “Панама досьесунда” дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндөгү 140тан ашык саясатчылар менен мамлекеттик чиновниктердин, алардын ичинде аракеттеги дүйнөлүк 12 лидердин офшордук эсептери тууралуу 11,5 миллион документ бар.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.