Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Майып аялды өлтүргөн киши кармалды

Кылмыш
09 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
391
 Бул тууралуу  9-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү кечинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кербен-Таш-Көмүр автожолунун 42-чакырымынан киши колдуу болуп өлгөн белгисиз аялдын сөөгүн табышкан. Тергөө учурунда өлгөн аялдын өздүгү такталып, ал Таш-Көмүр шаарынын 44 жаштагы жашоочусу жана экинчи топтогу майып экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын четинде жашаган 58 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.