Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Майлуу-Суу: аялдын чачын кырып, бир жума зордуктагандардын алды 13 жылга кесилди

Кылмыш
27 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
427

 Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, жабыр тарткан аял бейтааныш үч киши аны 18-майдан 25-майга чейин кордошконун билдирген. Акырында ал эптеп качып чыкканын айткан.

Аталган факты боюнча үч киши шектүү катары кармалган.

Майлуу-Суу шаардык соту 25-сентябрда чыгарган өкүмүнө ылайык, З.К. аттуу жаран Кылмыш жаза кодексинин "алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчиси "алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратуу" беренеси боюнча беш жылга, дагы бири "бейбаштык" беренеси менен үч жылга кесилди. Андан сырткары, 59-берененин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К. жалпысынан 13 жылга эркиндигинен ажыратылса, калган экөө да аталган берене боюнча жаза өтөө мөөнөтү 8 жылдан деп белгиленди. Үчөө тең жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.
Булак: Спутник
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.