Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Лондондо 1775-жылдан бери иштеген зергер дүкөн тонолду

Кылмыш
13 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
403
Бычак жана балка менен куралданган алты каракчы Лондондо 1775-жылдан бери иштеген зергер дүкөндү тоноп бир мопедге отуруп качып кеткендигин The Guardian гезити маалымдады.
Уурулар дүкөнгө үч мопед менен келишкен. Качканда бир мопедди унутуп калышкан. Экинчиси жолдо талкаланып, аргасы куруган алтоосу бир мопедге жабышып из жашырышкан. Тонолгон дүкөндө убагында француз королевасы Мария-Антуанетта жана британ премьер-министри Уинстон Черчилль соода кылышкан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.