Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Өлүм менен коштолгон жоопсуз сүйүү

Кылмыш
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
928
Бир адамдын өлүмү менен аяктаган  кыз менен жигиттин мамилеси. Өткөн жуманын аягында жаш улан, мурда сүйлөшүп жүргөн кызына бычак уруп, кийин өзү жардан кулап каза болот.  Жабырлануучунун айтымында, маркум – кыздын башка бирөөгө турмушка чыга турганын угуп, ызалангандыктан ушул кадамга барган. Бычак жеп жарадар болгон кызды – НТС телеканалынын оператору көрүп калып, ооруканага жеткирүүгө жетишкен. Ак халатчандардын айтымында, эгерде жарым саатка кечиккенде – 21 жаштагы кыздын өмүрүн сактоого кеч болуп калмак.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.