Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Кыргыз-казак чек арасында аткезчилик тамеки колго түштү

Кылмыш
24 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
139

Чек арадагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетине документтерсиз жана акциздик маркасы жок 59 миң кутуча тамеки ташыган унаа кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттен өткөрүү учурунда кармалган тамеки товарларында акциздик маркалары жана тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок болгон. Жалпы 59 миң 500 кутуча тамеки чыккан. Болжолдуу баасы 3 млн сом деп айтылууда.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу