Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Кыргыздар эшек союп сатканды качан токтотобуз?

Кылмыш
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
951
«Эшек бизнеси» Аксы районунда катуу өнүгүп жатат. Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жылгын айылында жашаган Субаналиев Адикенин жана коңшуларынын  короосунан 8-сентябрга  караган түн ичинде 4 эшекти катары менен байланып турган жеринен союп, баш-терисин таштап, этин алып кетишкен. Аксы районунда «Эшек союп саткан» уурулар жазы менен күчөп, токтоп калган эле. Эми кайрадан жандана баштаганына караганда жергиликтүү бийлик менен уурулар бирге иштеп жаткандай дешет жергиликтүү калк. Анткени жазында кошуна Кара-Суу айыл аймагынан да ушундай жол менен бир нече эшектерди уурдап кетишкен уурулуктун бети ачылбай калган. Ошол бойдон алардын дайыны чыкпай кеткен эле. Бул да болсо жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн айыл башчылары  менен жергиликтүү милициянын  уурулар менен биригип кетишинде дешет жергиликтүү калк. Себеби, кылмыштын бети ачылбай уурулук күчөп жатат. "Эгерде  эшек уурулардын бети ачылбаса, жакында короодогу малдан эч нерсе калбайт"-дешет жергиликтүү эл.
Орункул Сатыкулов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.