Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Кылмыш иликтенип баштады

Кылмыш
20 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
166
19-июнунда саат 05.30. чамасында Москва шаарынын “Электрозаводская” метросунун жанында Кыргызстандыктардын арасында массалык мушташ чыккан.  Бул  маалыматты  Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери такстыкташты. Окуяда  бычактан алган жаракаттан улам КРнын жараны М.Н.А. каза болгон. Ал эми РФнын Башкы Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайловский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү кылмыш иши козголду. Азыркы кезде адам өлтүрүү кылмышына шектүү адамдарды кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер жасалып жатканын элчилик кабарлады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.