Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Курал сатууга байланыштуу 14 офицер кызматтан алынды

Кылмыш
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
466
Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүктөн курал сатууга байланыштуу 14 офицер кызматтан алынды. Мындай маалыматты  Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов “Азаттыкка” билдирген.  Анын маалыматына караганда, бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, аскер
бөлүктөрдөгү курал-жарак техникалар саналууда. Маалыматтарга таянсак, Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басарына сөгүш жарыяланган. Буга чейин Чек ара кызматынын прапорщиги, Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу автомат сатууга айыпталган. Чек ара кызматынын
кампасынан 26 автомат, 13 миңден ашуун ок жана 14 тапанча уурдалган. Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев Башкы Штабдын башчысы жана Башкы прокурорго коррупцияга каршы чара көрүүнү тапшырган.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.