Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Күйөөсү тарабынан бычакталган аял жан берди

Кылмыш
14 - Март 2017
www.erkintoo.kg
400
Каракол шаарында адам өлтүрүү фактысынын бети изи сууй электе ачылды деп жазат turmush.kg  маалымат сайты. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 13-мартта шаардык ички иштер бөлүмүнүн кезмет бөлүмчөсүнө У.Салиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде аялдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.  Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу ашканадан үйдүн ээси — 48 жаштагы Ч.Еленанын денесин тапкан. Эксперттердин алдын ала бүтүмү боюнча, аялдын жүрөк тушуна жана чекесине учтуу буюм сайылган. Окуя болгон жерден ашкана бычагы табылган. Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары өлгөн аялдын күйөөсү — 48 жаштагы Ч.Михаил кармалды. Алгачкы суракта шектүү күнөөсүн мойнуна алып, кылмыш учурунда мас экенин, аялына бычак саюуга үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгонун айткан.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү убактылуу камакка алынды
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.