Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Казакстанда 33 жыл мурдагы кош өлүмдүн күнөөкөрү аныкталды

Кылмыш
22 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
440
Караганды облусунун полициясы “Папилон” деп аталган криминалисттик базанын жардамы менен 1984-жылы эки аялды өлтүргөн азыр 56 жаштагы карагандылык тургунду кармады. Бул жаран 1984-жылы 5-июлда 26 жаштагы келиндин үйүндө конокто отуруп уруша кетишкен, натыйжада келинди жана анын 23 жаштагы курбусун кошо өлтүрүп качып кеткен. Кылмыш болгон жерде бөтөн манжалардын 11 изи калган. Алардын 9у аныкталып, 2сү белгисиз бойдон калып келген. Кармалган шектүү жакындан бери эле каттоого алынган болчу деп маалымдалат полициянын билдирүүсүндө.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.