Курс НБ на 11.08.2020 $77,4202 €91,1352

Казакстан: аткаминерлер миллиондорду уурдоого айыпталууда

Кылмыш
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
764
Түштүк-Казакстан облусунун Мактарал районунун айыл округдарынын акимдери жемкорлукка шектелүүдө. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызмат билдирди. Маалыматка ылайык, шектүүлөр мектеп жашындагы балдардын тарбиясы жана билими үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттан 100 миллион тенгени кымырып алышкан. Акимдер бир эле баланы бир нече бала бакчага каттап, тизмени жасалма жол менен көбөйтүп, чыгымдарды арттырышкан. Айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайга камалгандыгын казакстандык маалымат каражаттар  жазышууда.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.