Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Кара-Сууда мушташкан мектеп окуучуларынын үстүнөн териштирүү башталды

Кылмыш
27 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
252
Бул тууралу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка караганда 22-ноябрга караган түнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу жаш балдардын тобу мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, мушташып жаткан 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары экендиги аныкталган. Мушташ учурунда 15 жаштагы окуучу денесинин көп жеринен миздүү нерседен жараат алган.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.