Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Кан кое бербейт

Кылмыш
19 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
658
Чүйдөгү Кемин районунда адам өлтүрүү боюнча кылмыштын бети 22 жылдан кийин ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1994-жылдын 1-сентябрында саат 16:00 чамасында Кемин районунун Чым-Коргон айылынан 3 чакырым алыстагы Бишкек—Торугарт жолунун четинен киши колдуу болуп жарым-жартылай өрттөлгөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан өрттөлгөн кишинин өздүгү такталып, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 1921-жылы туулган тургуну Иван Дементьев экени аныкталган.
И.Дементьев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Ал «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен айдоочу болуп иштечү. Бул окуядан кийин Кемин районунун прокуратурасы адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок, 22 жылдан бери кылмыштын бети ачылбай келген.
2016-жылы декабрда ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү делген Чүй облусунун 1975-жылы туулган тургуну У.Х. кармалды. Маалым болгондой, шектүү У.Х. 1994-жылы жанындагы адамдар (4 адамдан турган топ) менен бирге И.Дементьевдин унаасына ээ болуу үчүн өзүн өрттөп, жолдун четине таштап кетишкен. Ал эми, айдоочунун «ВАЗ» унаасын башка бирөөгө сатып, акчасын бөлүп алышкан.
Учурда шектүү Кемин РИИБде камакка алынып, тергөө иштери уланып жатат.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.