Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Кафенин кассасы тонолду

Кылмыш
30 - Март 2017
www.erkintoo.kg
594
Бишкек шаарында жайгашкан “Кылым” кафесинин сейфин тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 29-март күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Б.К.аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби 28-март күнү болжол менен түнкү саат 23:00дөр чамасында Бишкектеги “Кылым” кафесиндеги сейфтин ичинен 24 000 сом акчаны белгисиз адамдар жашыруун уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча Ленин РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголду. «№1 шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматерлери тарабынан, ыкчам иш-аракетинин негизинде кылмышка шектүү делип Нарын облусунун 18 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалды»,- деп айтылат билдирүүдө. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.