Курс НБ на 08.08.2020 $77,0500 €91,1694

Кадыр Маликовго кол салган адамдын жазасы 20 жылга алмаштырылды

Кылмыш
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
619
Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулунун өмүр бою абакка кесилген жазасы жеңилдетилип,  20 жылга алмаштырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошова билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жазык иштери боюнча соттук коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн 29-августта өзгөрткөн. Кадыр Маликов өзүнө кол салган кишиге ырайым кылмактыгын айтат. Токтошова эгер кол салуудан адам өмүрү кыйылса, анда айыпталуучу өмүр бою абакка кесилмектигин, бирок Маликов өмүрүнө өтө коркунуч жараткан жаракат албагандыктан сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөрткөнүн белгиледи. 2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучу Алибек Тилек уулуна карата өкүм чыгарып, аны өмүр бою абакка кескен болчу. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.