Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Качкынды тепкен оператор өз жазасын алууда

Кылмыш
13 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
483
2015-жылы согуш чыккан мамлекеттерден Европага качып бараткан качкындарды  тепкен венгриялык телеоператор Петра Ласлону сот айыптуу деп таап, айыбын жууш үчүн үч жылга сыноо мөөнөтү берилгендигин “Азаттык” жазып чыкты.  Телеоператордун качкындарды тепкен окуясы  Венгрия менен Сербия чектешкен аймактагы Реcке деп аталган качкындар лагеринде 2015-жылдын сентябрында орун алган эле. Анда колунда видеокамерасы бар журналист айымдын полициядан качып бараткан эки качкынды тепкени тасмага түшүп калган.  Тасма интернетке тарап кеткенден кийин коомчулуктун буга карата  терс пикирлери айтылып, Петра Ласло өзү иштеп жаткан N1TV телеканалындагы жумушунан айдалган.  Сот дал ушул коомчулуктун пикирлерин эске алгандыгын кошумчалап ага жазасын бергендиги айтылууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.