Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

​Үйлөрдү тоноп жүргөн шектүү кармалды

Кылмыш
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
70
Бишкекте үйлөрдүн биринен алтын жана ноутбук алып чыгып кеткен деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул туурасында  Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады. 30-августта  Ленин РИИБге Ак-Ордо жаңы конушунун С.Э. аттуу тургуну арыз жазып кайрылган. Ал терезеси аркылуу үйгө кирип «Аcer» ноутбугун жана алтын жасалгаларды алып чыгып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү катары 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу