Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Издөөдө жүргөн кыргызстандык аял кармалды

Кылмыш
13 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
412
Москванын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 44 жаштагы кыргызстандык аял 4 айлык баласы менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Ж.Н. аттуу аялга Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи эл аралык издөө жарыялаган. Кечээ кармалган аялдын кызы менен жолугушуу болуп, тийиштүү укуктук кеңештер берилди. Ал эми, козголгон иш Москва шаарынын Кузьминст райондук сотунда каралууда.
«Азыркы учурда төрт айлык ымыркай Москвадагы ооруканалардын биринде аялдын бир тууган сиңдисинин кароосунда жатат», - деп айтылат элчиликтин маалыматында. 10-апрелде кармалган аялдын ишин Кыргызстандын Орусиядагы элчили көзөмөлгө алды.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.