Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Испанияда банктардан $1 млрд уурдаган хакерлер тобунун башчысы кармалды

Кылмыш
28 - Март 2018
www.erkintoo.kg
366
Испаниянын полициясы банктардан 1,2 миллиард доллар уурдап алышкан киберкылмышкерлердин бандасынын лидери деп шектелген адамды өлкөнүн түштүк-чыгыш жээктериндеги Аликанте шаарында кармагандыгын Евросоюздун полиция кызматына (Европол) шилтеме жасаган Reuters агенттиги маалымдады. Шектелип жаткан адамдын тобу акчаларды Carbanak жана Cobalt деп аталган вирустуу программалардын жардамыменен  уурдап жүргөн. Европолдун маалыматы боюнча сөз болуп жаткан топтун мүчөлөрү 2013-жылдан бери 40 өлкөдө 100 финансылык институттарга чабуул жасашкан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.