Курс НБ на 18.01.2020 $69,8300 €77,7592

​«Иска строй» курулуш фирмасынын директору соттолду

Кылмыш
20 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
57
«Иска строй» курулуш фирмасынын директору Нарынбек Сариев 7 жылга колонияга кесилди. Бул туурасында 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан кабарлашты. Маалыматка ылайык,  Нарынбек Сариев «Алдамчылык» жана «Аткезчилик» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындай чечимди  Ленин райондук соту кабыл алган. Эске салсак, аталган компаниянын директоруна карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Анткени курулуп жаткан үйгө жарандар акча беришип турак жайды толук кайтара алышкан эмес. кээ бирлери 50 миң доллар бергени менен газ, жарык жана суусу жок батир алышкан.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу