Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ингушетияда чечен террорчусу Доку Умаровдун сөөгү табылды

Кылмыш
27 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
454
Ингушетиянын Сунжен районунда өткөн аптада табылган “Имарат Кавказ” террористик тобунун 2007-жылдан берки лидери, чечен улутундагы Доку Умаровдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Москвага жөнөтүлгөндүгүн РЕН ТВ телеканалы маалымдады. 1964-жылы туулган Доку Умаров 2006-2007-жылдары өзүн таанылбаган Ичкерия Чечен Республикасынын президенти деп жарыялаган. Ал 1992-жылы Россиянын Тюмень облусунда эки адамды өлтүрүп коюп Чеченстанга качып келген. 2012-жылы “Коммерсантъ” гезити ФСБ Умаровду Россиянын президенти Владимир Путинге кол салуу даярдаган деп айыптагандыгын жазып чыккан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.