Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

ИИМ: Маевкада үй менен унааларга өрт койгон адам оорулуу болушу мүмкүн

Кылмыш
17 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
481

Аламүдүндүн Маевка айылындагы турак жай менен унааларга өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 17-октябрга караган түнү болуп, жеринде Аламүдүн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу иш алып барган.

Аталган факты боюнча белгисиз адамдардын кылмыш аракетинин айынан Fiat унаасы толугу менен жана Toyota, Subaru эки унаасынын айрым бөлүктөрү күйгөн. Мындан сырткары, ал адамдын бир турак жайга да өрт коюуга аракет жасаганы аныкталган.

Аталган факты боюнча шектүүлөр издөөгө алынган. Атайын экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Божомолдор боюнча өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Кылмышка шектелип 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү жаран изделип жатат.

Ошондой эле ИИМ бул жерде улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө аракет жасалган деген маалыматты четке кагат.

Булак: Спутник

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.