Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Ич кийимине 30 миң доллар катып алып, Кыргызстанга келе жаткан аял кармалды

Кылмыш
03 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
265
Өзбекстандын бажы кызматкерлери ич кийимине чоң суммада акча катып бара жаткан аял кишини (аял экени такталды) кармашты. Тактап айтканда, ал ылдыйкы ич кийимине 34 миң доллар акчаны батырган.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсү боюнча, «Фергана» постунан Кыргызстандын аймагына өтүүнү каалаган аялдын жүрүм-турумуна байланыштуу шек жаралган. Андан алгач оозеки көрсөтмө алышканда акча тууралуу айтылган эмес. Качан гана текшерүү учурунда ич кийимден чоң суммадагы акча чыккан.

Ал эми үстүңкү тышкы кийиминин чөнтөгүнөн 4 миң доллар, капчыгынан 510 түрк лирасы табылды. Учурда бул фактыга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.