Курс НБ на 05.08.2020 $76,9019 €91,0557

“Хизбут-Тахрир” тынчыбай жатат

Кылмыш
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
756
 Жалал-Абад облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн өздүк курамы, КР Президентинин, Өкмөтүнүн,  ИИМнин, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын буйрук жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде, облустун аймагында диний экстремизм, мыйзамсыз миграция жана улуттар аралык араздашууга  каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле жалпы кылмыштуулуктун алдын-алуу максатында иш мерчемдери түзүлүп, анын негизинде оперативдик кызматтык иштер аткарылууда.
6-сентябрь күнү эртең менен Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы 5 үйгө бир убакта тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүүгө экстермисттик уюмдар менен байланышы бар деп шектелген атуулдардын жашаган даректерине соттун санкциясы менен калыстардын катышуусунда Жалал-Абад ОИИБ, УКМК жана Таш-Көмүр ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан текшерилди.Уюшулган ыкчам операция учурунда мыйзамсыз далил буюмдар табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
    Шамалдуу-Сай шаарчасындагы шектүү үйгө ыкчам тобу барган кезде үй ээлери эшигин ачпастан бекитип алып,  ажатканасында китепчелерди күйгүзүп жиберген. Бирок, атайын уюшулган ыкчам тобу жана жергиликтүү жашоочулар калыс катары кирип, түтүн жыттанган үйдөн эле алардын аракет- кадамдарын аныкташкан. Башкача айтканда,  күтүүсүз келген милиция кызматкерлеринен  мыйзамсыз диний багыттагы китептерин күйгүзүп,  жок кылуу аракеттери  ишке ашпай калды.
     Жалпысынан иш-чара учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна тиешелүү, шектуу болгон 46 даана китеп, 31 даана ДВД диск, 2 даана кол жазма дептер жана 1 даана кол телефон флеш картасы менен далил буюм катары алынган.
  Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.