Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Өгөй ата 15 жылга эркинен ажыратылды

Кылмыш
29 - Март 2017
www.erkintoo.kg
393
Түптүк М.Бекташовдун жазык иши Ысык-Көл облустук сотунда каралды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1, 3 бөлүкчөлөрү боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте абакта жазасын өтөөсү белгиленген. Мындай маалыматты Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
 Эске салсак, М.Бекташов 2011-жылдын 2-ноябрында болжол менен саат 08:00-09:00 үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып өзүнүн 13 жаштагы өгөй кызын зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алсыз абалынан пайдаланып, анын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болуп зордуктаган. Кийин дагы ал: “Апаңды, сени өлтүрүп коём,” - деп коркутуп зордуктоону уланткан. Натыйжада, 2012-жылдын 7-майында ал кыздын боюнда 24 жумалык бала бар экени билинген. Туугандарынын чечими менен 25 жумалык жетилбеген эркек баланы алдын ала төрөтүү менен төрөлгөн бала жетилбегендиктен өлүп калган.
 Сот өкүмүнө макул болбогон соттолуучу М.Бекташов апелляциялык тартипте облустук сотко кайрылган. Анын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.
 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.