Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Францияда теракт уюштурам дегендер кармалды

Кылмыш
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
659
Франция бийлиги “радикалдашкан” үч аялды  теракт даярдоого шектеп камашкан.
Шейшемби күнү Париждеги  Кудай эне чиркөөсүндө шектүү унаа тартип коргоо сакчыларынын көзүнө  илинген. Анын багажынан газ баллондор табылып, укук коргоо органдары аныктагандай, автоунаа шектүүлөрдүн биринин ата-энесине таандык болуп чыккан.  “Кармалган  аялдар 19, 23, 39 жашта. Жакынкы аралыкта кыйноо актысын уюштурууну пландаштырышкан”,-деди Франциянын ИИМ башчы Бернар Казнев. Министрдин айтымында, шектүүлөрдүн бири кармоо учурунда полициячыны бычак менен сайып жибергени үчүн октон жаракат алды. Буга чейин Франция президенти Франсуа Олланд акыркы күндөрү кол салуунун алдын алуу болгонун билдирген, бирок майда-баратын ачыкка чыгарган эмес.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.