Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Ферганада атасы уулуна бензин чачып өрттөдү

Кылмыш
25 - Август 2017
www.erkintoo.kg
401

Башында атасы кылмыш болгон жерден качып кетип, кийинчерээк укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ууулунун денесинин 70% күйүп калган. Учурда дарыгерлер анын абалын оор деп баалашууда деп маалымдады Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.

Күбөлөрдүн айтымында, ата-баланын ортосундагы жаңжал автоунаадан улам келип чыккан.

– Атасы бир жакка барып келүү үчүн баласынын машинасын сураган. Бирок ал автоунаа өзүнө керек экенин айткан. Үй-бүлөнүн бир гана автомобили бар эле. Анан атасы жини менен бензини бар бөтөлкөнү уулуна чачып өрт койгон, –деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Бул факт боюнча “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголду делет маалыматта.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.